Мамлекеттик Дума жаңы келген жарандардын эки жылдык аскердик кызматына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт

Фото:  Сергей Аверин/РИА Новости

Мамлекеттик Дума жазгы сессия аяктаганга чейин Россия Федирациясынын жаңы жарандары үчүн армияда аскердик кызмат өтүү мөөнөтүн эки жылга чейин узартуу, ошондой эле алар үчүн аскерге чакыруу жашын көтөрүү боюнча түзөтүүлөрдү карайт. Бул тууралуу 29-июлда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Мамлекеттик Дума  Россия Федерациясынын жаңы жарандарынын аскердик милдетин аткаруусуна көзөмөлдү күчөтүү боюнча демилге көтөрүп жатат. Алар үчүн аскердик кызмат өтүү  мөөнөтү 2 жылга чейин көбөйтүлүп, аскерге чакыруу курагы көтөрүлүшү мүмкүн. Тиешелүү түзөтүүнү жазгы сессия аяктаганга чейин кароо пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Источник