Рособрнадзор мигранттарды балага алдын ала орус тилин үйрөтүүгө чакырды

Фото: РИА Новости/ Константин Михальчевский

Россия Федерациясына үй-бүлөсү менен көчүүнү пландап жаткан мигрант баласынын өзүн алып жүрүү маданиятын, теңтуштары менен баарлашуу маданиятын түшүнүшү үчүн алдын ала орус тилин үйрөтүшү керек, — деди Рособрнадзордун жетекчиси Анзор Музаев.

Жакында Мамлекеттик Думага орус жарандыгы жок чет элдиктердин балдары мектептерге кабыл алынар алдында орус тилин билүүсү текшериле турган мыйзам долбоору киргизилди. Долбоордун авторлору партия лидери Леонид Слуцкий баштаган ЛДПРдин депутаттары болгон.

«Эгер сен өз жашооңду Россия менен байланыштырсаң, анын жараны болгуң келсе, балдарыңдын бул жерде билим алышын кааласаң, анда орус тилин билбестен кантип билимге ээ боло аласың? Ошондуктан кайсы бир үй-бүлө бул жакка көчүп келип, балдар биздин мектептерде окушу үчүн, албетте, алар узак мөөнөттүү жашоону чечсе, алдын ала бала орус тилин билиши үчүн иштеш керек», — деди Музаев.

Источник