Фото: РИА Новости/ Денис Гришкин
Учурда жоопкерчилик чарасы катары административдик чыгаруу Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 22 беренесинде каралган.
Россиянын Ички иштер министрлиги Административдик кодекстин дагы 20 беренеси боюнча мыйзам бузган мигранттарды өлкөдөн чыгарууну кеңейтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун даярдады. Бул тууралуу ТАСС агенттигин басма сөз борбору билдирди.
«Мыйзам долбоорунда Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин дагы 20 беренеси боюнча депортациялоону киргизүү сунушталып жатат, алардын басымдуу бөлүгү коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы укуктук мамилелерди коргоого, анын ичинде экстремисттик көрүнүштөргө каршы турууга багытталган», — — деди басма сөз борборунда.