фото московской мэрии
Майрам «Лидер» спорт комплексинде өттү. Иш-чара борбор калаанын Улуттук саясат жана аймактар аралык байланыштар департаментинин колдоосу менен Москванын улуттар үйү тарабынан уюштурулду, деп билдирди ведомствонун басма сөз кызматы. Иш-чаранын программасына эркектер жана аялдар арасында стритбол, волейбол, гиря спорту, армрестлинг, мас-рестлинг, стол тенниси, кичи футбол, кичи волейбол, шахмат жана нарда боюнча жеке-командалык биринчиликтер кирди. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча кур күрөш жана Сибирь жана Ыраакы Чыгыш элдеринин күрөшү тартууланды. Бардык каалоочулар жаа атуу боюнча мастер-класстарга катыша алышты.