“ЭтноТок-2023” медиаэксперттердин жана блогерлердин III Москва эл аралык форумуна арыздарды кабыл алуу башталды

Фото:портал Молодежная Ассамблея народов России «Мы-Россияне»

Москвадагы медиаэксперттердин жана блогерлердин III Эл аралык “Этноток” форумуна катышуу үчүн көп улуттуу Москвадагы мигранттын жашоосун чагылдырган журналисттердин, блогерлердин жана социалдык тармактарды колдонгон мигранттардын, чет элдиктердин арыздары кабыл алынат. Форум 2023-жылдын 12-16-сентябрь айында Москвада өтөт. Иш-чаралардын программасы мигранттардын, блоггерлердин жана медиа-эксперттердин арасынан жаш авторлордун коомчулугун түзүүгө багытталган, алардын негизги милдети меймандос, адилеттүү, социалдык жактан корголгон, Москванын жашоосуна ыңгайлуу образды жараткан жаңы медианы позитивдүү контент менен толтуруу болуп саналат. Медиа-эксперттердин жана этноблогерлердин III Москва эл аралык форумун уюштуруу боюнча “Этноток” долбоору «МЫ-РОССИЯНЕ» Россия элдеринин Жаштар Ассамблеясы Жалпы россиялык коомдук кыймылы тарабынан Жаштар иштери боюнча федералдык агенттик (Росмолодеж) менен өнөктөштүктө жана Москва шаарынын улуттук саясат жана аймактар аралык байланыштар департаментинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Источник