Фото: YeniMedia
25-майда саат 13:00дө Москва мамлекеттик автожол-техникалык университетинде (МАЖИ) Россиянын президенти В.В. Путиндин 2023-жыл Мугалим, насаатчы жылы деп жарыялаган жарлыгына, Азербайжандын президенти И.Г. Алиевдин 2023-жыл Гейдар Алиевдин жылы деп жарыялаган жарлыгына ылайык СССРдин көрүнүктүү мамлекеттик ишмери – Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган Эл аралык илимий-практикалык Конференция болуп өттү. Уюштуруучулар: МАЖИ жана Москвадагы азербайжандардын улуттук-маданий автономиясы (УМА). Конференцияда Г. Алиевдин өрнөк насаатчы катары өмүр жолуна арналган сынак боюнча калыстар тобуна келип түшкөн дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн келген МАЖИнин студенттеринин 64 эмгегинин жыйынтыгы чыгарылып, 12си экинчи турга өттү. Анын ичинен бир иш биринчи, экөө экинчи орунду, үчөө үчүнчү орунду ээледи. <…> Андан соң Москвадагы азербайжандардын улуттук-маданий автономия Кеңешинин төрагасы Гасанов Бахтияр Шабанович куттуктоо сөзүн сүйлөп, МАЖИнин жетекчилигине сынак жана конференция өткөрүү демилгесин колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди, Москванын улуттук саясат жана аймактар аралык байланыштар боюнча департаментинин жетекчиси Сучков Виталий Ивановичтин куттуктоосунокуп берди.