Автор: Андрей Мединский/ Фото:Московские Ведомости
Пандемиялык чектөөлөр учурунда чет өлкөлөрдөн келген эмгек мигранттарынын агымы кескин кыскарган, бирок чектөөлөр жоюлгандан кийин бара-бара калыбына келет, деп билдирди «Московские ведомости» басылмасына эмгек миграциясы боюнча эксперт, KGinfo.ru маалыматтык-аналитикалык порталынын башкы редактору Асилбек Эгембердиев. «Орусияда коронавируска байланыштуу чектөөлөр киргизилгенде коңшу өлкөлөрдөн, башкача айтканда, Украинадан, Молдовадан жана постсоветтик Азия өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттарынын агымы кыйла азайды. Бирок азыр ал акырындык менен калыбына келүүдө жана сөзсүз түрдө пандемияга чейинки деңгээлге кайтып келет», – деди эксперт. Анын айтымында, Россияга эмгек мигранттары келген өлкөлөрдө жашоо деңгээли дагы эле төмөн бойдон калууда, ошондуктан адамдар Россия Федерациясына акча табуу үчүн барышат.