Ирина Жандарова/Фото: Сергей Куксин/ РГ
Иш берүүчүлөр эмгек мигранттарына россиялык жумушчуларга сунуш кылгандай эле айлык төлөй башташты. Буга көбүнчө «иштеген эмгегинин көлөмүнө жараша» эмгек акы төлөөнүүчү тармактардын өнүгүшү себеп болду. Эми жергиликтүү тургундар дагы ушул тармактардагы бош орундарга көбүрөөк көңүл бура башташты.
Иш берүүчүлөр чет элдик кызматкерлер үчүн төмөндөтүлгөн тарифтерди белгилешпейт дейт «Добрососедство» фондунун фондунун долбоордук мүдүрү Юрий Московский. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө көптөгөн тармактарда мындай түрдө иш алып барууга мүмкүн эмес. Эмгек мигранттары кирешеси иштеген эмгегинин көлөмүнө жараша эмгек акы төлөнүүчү: такси, курьердик кызматтар, логистикалык борборлор сыяктуу тармактарда иштөөнү артык көрөөрүн, миграция чөйрөсүндөгү көз карандысыз эксперт Вадим Коженов ырастайт. Орус жана чет элдик кызматкерлер бирдей тариф боюнча иштешет. Буйрутма алуучунун орточо кирешеси 42,6 миң рубль, таксисттин кирешеси дээрлик 69 миң рубль, курьердики – 70 миң рубль, деп билдирет hh.ru.
Өндүрүмдүүлүгү аз таксист 60 миң рубль, ал эми жогорку өндүрүш менен 200 миң рублга чейин таба алат. «Бүгүнкү күндө чет элдик кызматкерлер орустардыкындай эле айлык алышат», – дейт Юрий Московский. – Ал эми кээ бир мигранттар орустардан да көп алышат». Ал белгилегендей, чет элдиктер Россияга акча табуу үчүн келип, мүмкүн болушунча көбүрөөк киреше табууга кызыкдар. Мындан тышкары, аларда ижара акысы түрүндө кошумча чыгымдары бар. Ошондуктан, алар кирешесин көбөйтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушат, көбүрөөк саат иштешет, кошумча буйрутмаларды алышат. Мигранттардын жардамы менен көптөгөн тармактарда эмгек акынын деңгээли өсүп жатат, бул орус кызматкерлерине оң таасирин тийгизүүдө, деп белгилейт Юрий Московский.