Фото: портал mbulak-Россия / Марат Гарифулин
Россиянын борборунун башкы көчөлөрүндө Өзбекстандын байыркы шаарларынын тарыхый жана маданий мурастарына арналган видеороликтер көрсөтүлө баштады. Алар ири көрнөк-жарнактарда жана видео көрсөтүүлөр үчүн арналган башка аянтчаларда көрсөтүлөт. Роликтер өлкөнүн туристтик потенциалын жана Өзбекстандын байыркы маданиятын чагылдырып, анын баарын бардыгын өз көзү менен көрүүгө чакырат. Видео көрсөтүүлөр Өзбекстандын Россиядагы элчилиги, Россиянын тышкы иштер министрлиги жана Москва өкмөтү биргелешип уюштурду. Роликтер эки ай бою – апрель жана май айларында күнү-түнү, ар бир 6-12 мүнөт сайын көрсөтүлөт.