«НУР» ыктыярчылары мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Нооруз майрамын өткөрүштү

Фото: РИА Новости/Игорь Егоров

Москвада “НУР” коомдук уюмунун өкүлдөрү мигрант балдар үчүн оюн-зоок, бий жана тамак-аш менен майрамдык кече уюштурушту. Эл аралык Нооруз майрамына карата “НУР” РКУда майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн уюштурулду. Балдар аракет кылып, майрамдык программа даярдашты: алар ырларды, куттуктоолорду окушту жана албетте, Памир бийлерин аткарышты. Ошондой эле салттуу оюндар да уюштурулду. Атүгүл ата – энелер да четте тура албай, негизги көңүл ачууга – аркан тартышка кошулушту. Балдарга чыгармачылык спектакль, сүрөт тартуу жана Нооруз майрамына катышкандыгы үчүн шоколад медалдары жана грамоталар тапшырылды. Ал эми майрамдын аягында бардыгы чайга отурушту.

Источник