Мигранттар орус тилин билгендиги үчүн салыктан жеңилдик ала алышат

Фото: РИА Новости/Наталья Селиверстова

Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги мигранттардын орус тилин билүү деңгээлине жараша жеке киреше салыгы боюнча жеңилдиктерди киргизүүнү сунуштоодо. “Орус тилин билүү деңгээлине, тарыхты жана мыйзамдардын негиздерин билүү деңгээлине жараша белгиленген аванс түрүндө төлөнүүчү жеке киреше салыгына жеңилдик коэффициентин киргизүү” сунушталууда. «Мына, ай сайын төлөнүүчү авансты төмөндөтүү коэффициенти. Аны орус тилин үйрөнүүгө түрткү берүү үчүн да колдонсо болот», – деди мекеменин миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Валентина Казакова. ИИМ мындай салык үчүн жеңилдикти эсептөөнүн мисалдарын келтирди: орус тилин билүүнүн базалык деңгээли – 10%, орточо деңгээл – 15%, эң жогорку деңгээл – 20%, орус тили экинчи эне тили катары – 50%.

Источник