Фото: mos.ru/depnpol
2023-жылдын 22-мартында Поклонная дөңсөөсүндөгү Мемориалдык мечитте Москва шаарынын мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын колдоосу менен уюштурулган “Рамазан чатыры” коомдук кайрымдуулук долбоорунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Москва шаарынын улуттук саясат жана аймактар аралык байланыштар департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Москва шаарынын улуттук саясат жана аймактар аралык байланыштар департаментинин жетекчиси Виталий Сучков борбор калаанын аймагында болуп жаткан конфессиялар аралык иш-чараларга мусулман диний уюмдарынын өкүлдөрүнүн активдүү катышуусун белгилеп, Москва шаарынын мэринин аймактык коопсуздук жана маалыматтык саясат маселелери боюнча Москва Өкмөтүндө орун басары Александр Горбенконун саламдашуусун жарыялады.