Зоя Осколкова/Фото: РИА Новости/Сергей Батурин
Россияда жумушка орношуу жана жашап турууга уруксат алуу процедурасы жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул маалыматтык технологиялар тармагында иштеген чет элдик адистерге тиешелүү. Россиянын ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк билдиргендей, чет өлкөлүк IT-адистери иштөөгө уруксат албастан же патентисиз эле Маалымат технологиялары жаатында иш алып барган уюмдар менен эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишим түзө алышат. Мындай компаниялар ошондой эле тиешелүү мамлекеттик аккредитациядан өткөндүгүн тастыктаган документ алышы керек. «Аккредиттелген IT-компанияда иштеген чет элдик IT-адиси үчүн, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрү (анын ичинде жубайы, балдары (анын ичинде асырап алынган балдар), балдардын жубайлары, ата-энелери (анын ичинде асырап алуучулар), ата-энесинин жубайлары, чоң эне жана таенеси, чоң аталары тай аталары, неберелери) жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Россия Федерациясында мөөнөтү бүтпөстөн жашап турууга уруксат алуу укугу берилген», – деп кошумчалады Волк.