Россияга акча табуу үчүн миграцияга чейинки даярдоо борбору аркылуу барышат

Фото: РИА Новости/Павел Лисицын

Россия Өзбекстанда миграцияга чейинки даярдоо борборун ача турганын Россиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча үчүнчү департаментинин директору Александр Стерник билдирди. Мындай түзүмдү түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге Москва 2023-жылы Ташкент менен кол коюуга ниеттенип жатат. Бул эмгек мигранттарын каттоону жана кабыл алууну жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет. Борбор Россияда акча тапкысы келгендерге бир катар кызматтарды көрсөтөт – дактилоскопия, сүрөткө тартуу, каттоо, россиялык иш берүүчүлөр үчүн уюштурулган топтом боюнча консультация берүү, медициналык корутундуларды берүү, – деди Стерник.

Источник