Фото:РИА Новости-Виталий Белоусов.
10-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тегерегиндегилер үчүн кооптуу, жугуштуу ооруларды текшерүү, ошондой эле оорулар аныкталган учурда мигранттар үчүн дарылоо бекер.
«Чет өлкөлүк жарандардын Москва шаарынын аймагында башкаларга коркунуч туудурган жугуштуу оорулардын бар же жок экендигин кошумча (тереңдетилген) текшерүүдөн өткөргөндүгү үчүн төлөм жокко чыгарылды», – деп билдирет басма сөз кызматы. Мындай чечим Кыргызстандын бир нече жолу кайрылуусуна жана бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги менен республиканын элчилигинин орус тарап менен биргеликте жүргүзгөн сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу кабыл алынганы такталды. «Көп функционалдуу миграциялык борбордун» аймагында жүргүзүлүп жаткан медициналык текшерүүлөрдүн тизмеси кеңейтилгени баса белгиленди. Эми тизмеге инфекциялык оорулардын бар/жоктугун аныктоочу медициналык анализдер да кирет, аларды жолдомосуз тапшырууга болот. Ошентип, азыр Москванын башка медициналык мекемелеринде акы төлөнүүчү текшерүүлөрдөн өтүүнүн кажети жок. Жугуштуу оорунун диагнозу тастыкталса, ошондой эле тийиштүү дарылоо зарыл болсо, мигранттар Москванын адистештирилген медициналык уюмдарына жөнөтүлүшү мүмкүн.