Фото: Ассамблея народов России.
20-октябрда Москванын Өкмөтүндө тегерек үстөлгө блогерлер, эксперттер, мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү чогулушту. «ЭтноТок» медиэксперттер менен блогерлердин II Москва эл аралык форуму ушинтип аягына чыкты. Конкурстун лауреаттарына – дипломдорду, өнөктөштөрү менен уюштуруучуларына – ыраазчылык каттарды тапшырышты. Андан ары иштөөнүн жана улут аралык мамилелер менен миграциялык саясаттын маселелерин чагылткан блогосферанын бөлүгүнүн жаӊы экосистемасын куруунун жаӊы багыттары белгиленди