Россияда чет элдиктердин убактылуу жүрүүсүн мыйзамдаштыруу боюнча убактылуу чаралардын мөөнөтү аяктады

Фото:© РИА Новости / Денис Гришкин.

Буга чейин Россияда COVID-19дан улам чет өлкөлөр менен транспорттук каттамдарга киргизилген чектөөлөр алынган. Ошондуктан мигранттарга уруксат берүүчү документтери жок өлкөдө жүрүүсүнө мүмкүндүк берген убактылуу чаралар жокко чыгарылды. Ошол эле учурда чет элдиктерге убактылуу жүрүүсүн же каттоого туруусун мыйзамдаштырууга убакыт берилген. 13-октябрга чейин Россия Федерациясында андан ары мыйзамдуу жүрүү үчүн жарактуу документтери жок чет элдик жарандар өздөрүнүн укуктук статусун жөнгө салуу үчүн алар жашаган жер боюнча ИИМдин аймактык органына кайрылышы керек болчу. Буга чейин 17-августтан тарта Абхазия, Беларусь, Казакстан, Кытай, Монголия жана Түштүк Осетиянын жарандарына, 3-сентябрдан тарта Армения менен Кыргызстандын жарандарына мындай жеңилдиктер токтотулган. Ал эми 13-октябрда бул убактылуу чаралар бардык башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн токтотулган.

Источник