Фото: ПРЕСС-СЛУЖБА ДСМР.
РОСМИГРАНТ мигранттарды укуктук коргоо жана социалдык-маданий адаптациялоо борборунун жетекчиси Хуснидин Абдулкасимов Москвадагы кыргыз диаспорасынын жаштары менен кезектеги жолугушуусун өткөрдү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал жаштарга борбордун ишмердүүлүгү, Россиядагы эмгек мигранттарынын интеграциясы жана адаптациясынын маселелери, миграция чөйрөсүндөгү учурдагы миграциялык мыйзамдардын сакталышы, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар тарабынан жасалган укук бузуулардын негизги түрлөрү каралды. Иш-чарага ROSMIGRANT борборунун волонтерлору да катышты.