Москва бийлиги: борбордо эмгек мигранттары жетиштүү

Фото: kp.ru/Михаил ФРОЛОВ.

Курулуш объектилеринде, дүкөдөрдө, шаардын муниципалдык түзүмдөрүндө Россия Федерациясынын аймактарынан жана кошуна өлкөлөрдөн келген жумушчулар иштеп атышат. Учурда борбордо эмгек рыногу жетишээрлик деңгээлде туруктуу, бардык инвестициялык процесстерди ишке ашыруу үчүн эмгек ресурстары жетиштүү. Бул тууралуу Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумдун алкагында Москванын Экономикалык саясат жана өнүгүү департаментинин башчысы Кирилл Пуртов билдирди.

 – Эмгек рыногу жакшы өнүккөн. Ар бир курдуруучу, мисалы, өзүнүн категориясы менен иштейт. Кимдир бирөө Беларуссиядан жумушчуларды тартат, кимдир бирөө Өзбекстандан, кээ бири түштүк өлкөлөрүнүн эмгек ресурстары менен иштөөгө көнүп калган. Акыркы убактарда бизге жумушчулар жетишсиз деген эч кандай суроо-талап түшкөн жок,– деди Кирилл Пуртов РИА Новостиге берген маегинде. Пуртовдун айтымында, борбордо эмгек мигранттарынын жетишсиздиги боюнча маселе жок. Алар курулуш объектилеринде, дүкөндөрдө, шаардын муниципалдык курулуштарында ишин улантышууда. Москвада бардык инвестициялык процесстерди ишке ашыруу үчүн жумушчулар жетиштүү. Башкармалыктын жетекчиси бизнес өкүлдөрү жакынкы аймактардын тургундарына ар дайым жумуш орундарын сунуштаарын айтты. Биздин жарандарды шаар бийлиги дагы жумушка тартууда.

Источник