фото: РИА Новости/Евгения Новоженина.
«Билингва» сынагы – бул сиздин эне тилиңиздин баалуулугун бүткүл дүйнөгө көрсөтүү мүмкүнчүлүгүңүз! 2022-жыл биздин өлкөдө Россия элдеринин маданий мурастарынын жылы деп жарыяланды. Эне тилдер – этникалык жана маданий мурастын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Андыктан Москвадан, Россиянын башка аймактарынан жана чет өлкөлөрдөн эки же андан көп тилде сүйлөгөн улан-кыздарды сынакка катышууга чакырабыз! Керектүү шарт: орус тили сиз үчүн эне тилиңиз эмес болушу же экинчи эне тилиңиз болушу шарт! 2022-жылы сынак Москва шаарынын Улуттук саясат жана аймактар аралык байланыштар башкармалыгы, Москва өкмөтүнүн алдындагы улуттар боюнча кеңеш жана орус тилин колдоо боюнча эл аралык педагогикалык коом менен биргеликте өткөрүлөт. Сынакты даярдоо жана өткөрүү боюнча аткаруу-өнөктөштөрү “Этносфера” этностор аралык билим берүүгө көмөктөшүү автономиялык коммерциялык эмес уюму жана Москва мамлекеттик педагогикалык университети болуп саналат.