Ыйык Рамазан. Москвада кыргыздар менен тажиктер биргелешкен ооз ачарга чогулушту

Фото совета кыргызской диаспоры в Москве и Московской области РФ

Москвада кыргыздар менен тажиктер достуктун жана ынак коңшулуктун ооз ачарын өткөрүштү. Бул тууралуу кыргыз диаспорасынын кеңешинен билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага Москва облусунда жашаган аксакалдар, эки өлкөнүн дипломатиялык кызматтарынын, диаспораларынын өкүлдөрү жана Кыргызстан менен Тажикстандын диний ишмерлери катышты. «Биздин тагдырыбыз тарыхта түбөлүк бирге жашоону, жашообузду коңшулукту эске алуу менен курууну буйруду. Бизди кылымдарды карыткан тагдыр гана эмес, өзгөчө руханий жакындык, дин менен элдердин миң жылдык бай маданиятынын окшоштугу, тарыхыбыз, азыркы учурубуз жана келечегибиз байланыштырып турат. Рамазан айы тынчтыктын, достуктун, коңшулук ынтымактын жана өз ара түшүнүшүүнүн пайдубалына айлансын», – деди Москвадагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасынын кеңешинин жетекчиси Раимбек Аттокуров.

Источник