Россия менен Тажикстандын бийликтери эмгек мигранттарынын пенсиялык камсыздоо маселесин жөнгө салуучу макулдашуунун долбоорун бекитишти

Азыркы мезгилде бул документ Россия өкмөтүндө турат, ал пенсиянын өлчөмүн аныктайт. Төлөөлөрдүн суммасы жөнүндө азырынча эч нерсе кабарлана элек. Былтыркы жылы Мамдума макулдашууну ратификациялаган, ал боюнча Москва Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн келген эмгек мигранттарына пенсия төлөп берүүгө тийиш. Келишим Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Беларусь сыяктуу өлкөлөргө тиешелүү. Мамдуманын депутаттары Тажикстандык пенсионерлерге акчаны РФтин бюджетинин эсебинен төлөп берүү идеясын колдошту. Ошентип, Россияда эмгектенген эмгек мигранттары пенсияга чыккан учурда алар үчүн иш берүүчүлөр Пенсиялык фондго чегерген суммаларды алып турушат, деп кабарлады «Открытые медиа».

https://rusplt.ru/society/trudovie-migranti-budut-zhit-60fa0.html