Россиянын аймагында жашап туруу эрежелерин бузуунун натыйжасында 2020-жылы башка мамлекеттердин 7 миӊ жараны Москвадан чыгарылган, бул жөнүндө полициянын борбордук башкы башкармалыгынын жетекчиси Олег Баранов ИИМдин Башкы башкармалыгынын кеӊейтилген коллегиясында билдирди

Андан тышкары ал миграциялык каттоого жасалма отургузуу фактыларынын аныкталышына байланыштуу дээрлик 150 миӊ чет өлкөлүк каттодон чыгарылганын кабарлаганын ТАСС билдирет. Баранов бул чаралардын натыйжасы болуп чет өлкөлүктөр тарабынан борбордо жасалып жаткан кылмыштардын азайганы эсептелерин белгиледи. Мисалы, киши өлтүрүүлөр – 8%га, кыянаттык менен ден соолукка оор зыян келтирүү – 5%га, опузалап алуу – 54%га кыскарды. https://vz.ru/news/2021/1/21/1081256.html