Россиядагы кыргыздар кандай жашашат – кыргыз диаспорасынын кеңешинин жыйынтыгы

Фото: РИА Новости/Сергей Пятаков

Москвада кыргыз диаспорасынын жалпы россиялык жыйынтыктоочу форуму болуп өттү. Бул тууралуу кыргыз диаспорасынын Кеңешинин Эл аралык мамилелер боюнча координатору Келдибек Маатбеков билдирди.

Иш-чара 28-январда Москвадагы «Президент мейманканасында» өттү. Анын максаты эл аралык иштер жана достук мамилелерди чыңдоо, РФ аймагында диаспоранын региондор аралык кызматташтыгын кеңейтүү, ошондой эле коомдук дипломатияны өнүктүрүүгө көмөктөшүү болду.

Кыргызстан менен Россиянын көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери форумдун бизнес бөлүгүнүн сыйлуу коноктору жана спикерлери болушту. Бизнес бөлүктүн алкагында тегерек стол өтүп, анда Кеңештин төрагасы Кубанычбек Осмонбеков жана Эл аралык мамилелер боюнча кеңештин координатору Келдибек Маратбеков 2022-жылга карата аткарылган иштер тууралуу отчеттук баяндамаларды жасашты.

Источник