Путин Аскердик кызмат ѳтѳѳгѳ контарктылары бар чет ѳлкѳлүктѳргѳ жарандык берүүнү жѳнѳкѳйлѳттү

Фото: Петр Ковалев / ТАСС.

РФ Президенти Владимир Путин Коргоо министрлиги менен аскердик кызматка контракт түзгѳн чет ѳлкѳлүктѳрдү жарандыкка кабыл алууну жѳнѳкѳйлѳтүү жѳнүндѳ жарлыкка кол койду. Согуштук аракеттер жүрүп жаткан зонада жарым жыл бою (калган жылдар үчүн) контракт боюнча кызмат ѳтѳѳ же кызмат ѳтѳѳнү улантууга мүмкүндүк бербеген жаракат алуу – бул жол-жобонун шарты болду. Андан сырткары анын жубайы, балдары жана ата-энелери да ушундай эле арыз менен кайрыла алышат – деп белгиленген жарлыкта. Мамдума жана Федерация Кеңеши  ушул жумада мурдараак мыйзамды жактырган. РФда аскердик кызмат ѳтѳѳгѳ чет ѳлкѳлүктѳрдү азгырма жалдоо үчүн инфратүзүмдү жайылтууну Мосвкада пландалып жаткандыгын борбордун мэри Сергей Собянин мобилизациялоо башталганга чейин эле жарыялаган

Источник