Москвада мигранттардын даана кѳрүнгѳн «үй-бүлѳлүк подряды» пайда болду

Фото: © Sputnik / Алексей Куденко.

Москвада мигранттардын «үй-бүлѳлүк подрядынын» даана кѳрүнгѳн феномени пайда болду – бул жакка келгендердин биринчи мууну эмгек рыногунан ѳз ишин табышат, ал эми алардан кийин келген үй-бүлѳ мүчѳлѳрү алар менен кошо ошол эле жерде иштей башташат. Мындай феномендин жакшы жактарын Россия Элдеринин Ассамблеясынын Кеңешинин биринчи орун басары, Россиянын Ѳзбекстан менен Достук жана кызматташуу коомунун башкармалыгынын тѳрагасы Игорь Круговых Sputnikке берген интервьюсунда баяндап берди. «Бул жакшы кѳрүнүш, себеби биз бул адамдардын бардыгын билебиз, алар да бизди жакшы билишет, орус тилинде мыкты сүйлѳшѳт, экстремисттик эч кандай кѳрүнүштѳргѳ жол беришпейт. Мындай жумушчуларды Москвада бардык жагынан колдоп турушат» – дейт Игорь Круговых. Шаардын тургундары жана ак ниет кызматчылары үчүн сыйлоо чаралары каралган. Так маалымат – биздин видеодо.

Источник