Москвада Кыргызстандын жаш жарандары «Жакында мектепке!» («Скоро в школу!») программасы боюнча окуусун аякташты

Фото: Пресс-служба Посольства КР в РФ

Бул долбоорду Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги, Кыргызстандын Москва жана Москва облусундагы Диаспоралар Кеңеши, “Мир Вам” билим берүү борбору жана “Агартуу билим борбору” коомдук бирикмеси менен биргеликте 2019-жылдан бери ишке ашырып келет.

Программанын максаты – балдарды орус мектептеринде окууга лингвистикалык, психологиялык, маданий жана социалдык жактан даярдоо. Окуунун мөөнөтү төрт айды. Быйыл Кыргызстандан мектепке чейинки 24 бала курсту аяктады. Салтанаттуу иш-чарада кичинекей бүтүрүүчүлөрдү элчиликтин жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү куттуктап, белектерди жана сертификаттарды тапшырышты. Мугалимдер окуучулар менен биргеликте концерттик программа даярдашты.

Источник