Москвада курулуш иштериндеги бош орундардын саны эки эсеге өстү

© Sputnik / Павел Лисицын

Курулуш индустриясы кадрлардын жетишсиздигине дуушар болууда. Вакансияларды жана жумушчуларды табуу боюнча орусиялык ири кызматтарынын бири болгон HeadHunter билдиргендей, Москвада курулуш иштериндеги вакансиялардын саны дээрлик эки эсеге өскөн. «Жарыяланган бош орундардын жалпы санынын болжол менен 47% курулуш адистиктерине, 24% – риэлторлор жана сатуу боюнча агенттерге туура келет, ал эми калган бош орундарды жогорку жетекчилик жана кызматкер ээлейт»,– РИА «Недвижимость». Россиянын Риэлторлор Гильдиясынын мүчөсү Константин Барсуков Москва облусунун курулуш тармагындагы кадрлардын жетишсиздигинин негизги себептерин атады. Анын айтымында, бош орундардын өсүшү мигранттардын кетиши менен эле эмес, валюта курсуна да байланыштуу. Маселелерди чечүү үчүн курулуш долбоорлорун мамлекет тарабынан жеңилдетилген льгота менен каржылоо керек, деп эсептейт ал. HeadHunter өкүлдөрү белгилегендей, пайда болгон вакасиялардын көбүнчөсү курдуруучулар тарабынан риэлторлорго жана агенттерге сунушталган жумушчу орундары. Дагы бир жумуш тандоо кызматы – SuperJob – бош орундардын айрым бир бөлүгүн кризистен эң көп жабыркаган аймактардын өкүлдөрү ээлесе болорун айтат.

Источник