Кыргыз тилинде Третьяков галереясынын тарыхый имаратында «Четке кагылган шедеврлер» көргөзмө-маршруту боюнча сейилдөө

Фото: РИА Новости/Ю.Левянт

2023-жылдын 15-апрелинде. Сиз сейилдөө учурунда Третьяков галереясынын туруктуу көргөзмөсүнөн сүрөттөрдү көрөсүз – XIX кылымдын шедеврлери, аларды ошол кездеги Россиянын коомчулугу тарабынан түшүнүү менен кабыл алынган эмес. Музейдин коллекционери жана негиздөөчүсү П.М. Третьяков сын-пикирлерге карабастан, бул сүрөттөрдү сатып алган. Муну ал сүрөтчүлөрдү колдоо үчүн гана эмес, алардан ошол кездеги башка искусство чыгармаларына мүнөздүү болбогон нерселерди көргөндүктөн да жасаган. Биз чогуу бул «нерсени» түшүнүүгө, убакыттын контекстин чечмелөөгө жана албетте, И.Н. Крамский, Н.Н. Ге, А.И. Куинджи жана башкалардын чыгармаларына көз чаптырабыз. Сейилдөө 2019-жылдан бери Третьяков галереясында ишке ашырылып келе жаткан «Маданий интеграция» долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат жана миграцияда тажрыйбасы бар адамдарга багытталган.

Источник