Кыргызстандын РФдагы элчилигинин имаратында мекендештердин балдары кыргыз тилин акысыз окушат

Фото: mfa.gov.kg

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги, Москва жана Москва областынын Кыргыз диаспорасынын Кеңеши, «Мир Вам” окуу борбору жана “Агартуу билим борбору” коомдук бирикмеси менен биргеликте ишке ашырылып жаткан «КЕЛГИЛЕ, КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ СҮЙЛӨЙЛҮ!» аттуу социалдык долбоордун 3-сезонунун алкагында мекендештердин балдарын 2023-жылдын январь айынан апрель айына чейин (ар ишемби сайын) Кыргызстандын элчилигинин имаратында кыргыз тилин акысыз окушат, деп билдирет Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин басма сөз кызматы. Москвада жашаган кыргызстандык эмгек мигранттарынын балдарын өздөрүнүн тарыхый тамырларына жана каада-салттарына аралаштырууга, ошондой эле кыргыз тилин үйрөтүүгө көмөктөшкөн долбоорду ишке ашыруу үчүн Москва шаарында жашаган мекендештерден долбоордун жетекчиси Роза Адышева башында турган 7 кесипкөй педагог тартылды.

Элчилик кышкы мектептин окуу процессин уюштуруу үчүн бардык шарттары менен класс уюштурду. Бул социалдык долбоордун 3-сезонунун салтанаттуу ачылышы 2022-жылдын 24-декабрында кыргыз диаспорасынын аксакалдарынын жана активисттеринин катышуусунда КРнын РФдагы элчилигинде болуп өттү.

Источник