Фото : портал «Ислам в СНГ»
Россиянын Кыргызстандагы элчилигинде биринчи жолу кыргыз диаспорасынын активисттерин республиканын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жана анын россиялык кесиптеши Татьяна Москалькова менен биргеликте кабыл алуу өткөрүштү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин Telegram-каналы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар укук коргоо институтунун негизги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо маселелери талкууланды. Бир күндөн кийин Жамиля Жаманбаева жана Татьяна Москалькова Россиянын элчилигинин, Россиянын президентинин администрациясынын, Тышкы иштер министрлигинин жана Россиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды.