Кыргызстандык делегаттар Москвада кыргыз диаспорасынын Кеңеши менен жолугушту

Фото: портал «Вечерний Бишкек»

Жакында Москвада кыргыз диаспорасынын кеңеши уюштурган диаспоралардын жыйынтыктоочу форумуна Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев, акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев катышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Аталган иш-чарага КРнын кызмат адамдарынын катышуусунун алкагында, 2023-жылдын 29-январында элчилик тарабынан Россия Федерациясынын аймактарынан келген кыргыз диаспоралык уюмдарынын жана бирикмелеринин активисттери жана лидерлери менен өзүнчө жолугушуу уюштурулган.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар актуалдуу миграциялык маселелер, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россиядагы укуктук абалы, анын ичинде жүк-200 менен иштөө тартибин жөнөкөйлөтүү боюнча пикир алмашышты. Россия Федерациясынын аймактарынан келген кыргыз диаспоралык уюмдарынын жана бирикмелеринин активисттерине жана лидерлерине бардык кызыктырган маселелер боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Терс кесепеттерди болтурбоо максатында келген мамлекеттин мыйзамдарынын бардык талаптарынын сакталышына көңүл бурулду. Иш-чаранын аягында Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын абалын жакшыртууга багытталган күч-аракеттерди бириктирүү максатында катышуучулар Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары менен диаспоралык уюмдардын ортосунда тийиштүү байланышты арттыруу, ошондой эле мекендештер арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдештирүү сунушталды.

Источник