Бишкек-Москва жаңы аба каттамы иштей баштады

Фото: РИА Новости-Sputnik-Табылды Кадырбеков

Кыргызстандагы аба каттамдары үчүн эң популярдуу багыт-Москва. Бүгүнкү күндө Россиянын борбор шаары менен Бишкекти байланыштырган каттамдардын жалпы саны 38ди түзөт. Жакында кыргызстандык «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы жүргүзө турган дагы эки каттам ишке кирет. Ал Бишкек – Москва – Бишкек каттамы боюнча жумасына эки жолу, шаршемби жана жекшемби күндөрү учат. Рейс Москванын «Внуково» аэропортуна конот. Бул каттам боюнча «Аэро Нормад Эйрлайнс» авиакомпаниясынан тышкары «Аэрофлот» жана «Урал аба жолдору» компаниялары каттайт.

Источник